УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жардам сурап кайрылган муктаж үй-бүлөгө 1 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды

Бүгүн, 2025-жылдын 4-мартында, КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиев муктаж болгон үй-бүлөгө 1 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.
Буга чейин, 2025-жылдын 17-февралында 1990-жылы туулган Махратбек кызы Канышай аттуу жаран УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, ал бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгенин, тагыраагы көзүнүн көрүүсү начар экенин, ажырашып кеткенин, үч баланы жалгыз тарбиялап жатканын, ошондой эле улуу кызы да бала кезинен майып экенин, Бишкектеги угуусу начар жана кечирээк укпай калган балдардын мектеп- интернатында окуп жатканын билдирген. Учурда балдары менен убактылуу батирде жашап жатат.
К. Махратбек кызынын туруктуу жумушу жок, бирок кайрымдуу жарандар тарабынан үй-бүлөсүн багууга, дарыланууга көмөктөшүү максатында кайрымдуулук уюмдарына кайрылып келишкен.
Буга чейин, алар турак жай маселесине байланыштуу да жардам сурап кайрылышкан, бирок натыйжа болгон эмес.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев К.Махратбек кызынын муктаж үй-бүлөсүнө батирдин ачкычын тапшырып, каалоо-тилектерин айтты.
Өз кезегинде К.Махратбек кызы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге турак-жай менен камсыз кылууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Related posts

Оштогу депутаттар мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтүүнү демилгелешти

admin

Ошто Жусуп Абдрахмановдун өмүр жолун баяндаган спектакль коюлат

admin

Малайзиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет 

admin

Комментарий