УКМК төрагасы Ташиев жалгыз бой энеге батир белек кылды

КР УКМК төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиев жалгыз бой энеге батир белек кылды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиевге буга чейин КР жараны Элеонора Нуралиева оор турмуштук кырдаалга байланыштуу жардам сурап кайрылган.

Элеонора Нуралиева 1989-жылы туулган. Анын айтымында, төрөлгөндөн кийин апасы Кыргызстанга келип, төрт жашында аны белгисиз адамдарга 1500 сомго сатып жиберген. Андан соң ал 13 жашка чыкканга чейин ар кандай адамдардын колунда чоңойгон. 13 жашынан баштап балдар үйүндө тарбияланып, билим алган эмес. 19 жашында улуу уулун төрөгөн.

2020-жылдан бери ошол эле балдар үйүнөн чыккан бала менен никесиз жашап келген, андан дагы үч уулу бар (4 жашта, 2 жаш 4 айлык жана 7 айлык). Бирок учурда балдардын атасы аларды тарбиялоого жана каржылык жактан камсыздоого катышпайт.

Мурда Э.Нуралиева тигүүчү цехте иштеп, ошол имаратта жашаган. Бирок 2025-жылдын сентябрь айында каражаттын жоктугунан улам турак жайсыз калып, 29-сентябрда үч кичүү баласы менен Бишкек шаардык мэриясынын «Аялзат» муниципалдык кризистик борборуна жайгашкан.

Анын 4 жаштагы уулу бронхиалдык оору, дерматит жана өнүгүүсүнүн кечеңдеши менен жабыркайт, дары-дармекке каражаты жок. Тиричилик кылуу максатында тигүүчү машиналарды сатып алуу үчүн насыя алган, бирок төлөй албай калган.

Кыйын абалды эске алуу менен, Э.Нуралиеваны жана анын балдарын колдоо максатында КР УКМКнын төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиев Бишкек шаарындагы эки бөлмөлүү батирдин документтерин жана ачкычтарын тапшырды. Мындан тышкары, банк карызы төлөнүп, паспорт алуу боюнча жардам көрсөтүлдү.

Related posts

Депутат Жаныбек Абиров кафенииин кызматкери менен мушташты

admin

«Европадай болбойлу». Трамп Путинди эмес, өлкөнүн ички көйгөйүн ойлонууга чакырды

admin

1-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий