КР УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын негизинде «Братский круг» эл аралык кылмыштуу тобунун курамына кирген, «Мыйзамдагы ууру» К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун ишмердүүлүгүн каржылоо фактысына төмөнкү КР жарандарынын катыштыгы бар экендиги аныкталган: Б.Т.К. (Буга чейин КР ИИМ системасында жетекчилик кызматтарды аркалаган, кылмыш чөйрөсүндө уюшкан кылмыштуу топтун лидери Ч.Жумагуловдун «Дөө Чынгыздын» «өкүл атасы» катары белгилүү болгон), Т.Ч. (Ч. Жумагулов менен жана «мыйзамдагы ууру» аталган У. Токтосунов «Сакал» менен тыгыз байланышы бар) жана Т.А.Т. (К. Асанбекке жакын, жаш спортчуларды кылмыштуу чөйрөгө тартуу менен алектенген, К. Асанбектен спорт боюнча "куратор " болгон, олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин биринин директору кызматын ээлеген)
Маалыматка ылайык, уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлери К.Асанбек, А. Анапияев жана Ч. Жумагулов Б.Т.К. менен сүйлөшүп, ок атуучу куралды АКСУнун автоматын жана психологиялык басым менен күч колдонуу жолу аркылуу КР жаранынан Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылында жайгашкан 2 млн. АКШ долларына бааланган 2 га жер тилкесин тартып алышкан. Белгилүү бир убакыттан кийин Б.Т.К.нын жакын туугандарына кайрадан каттоодон өткөн.
Мындан тышкары, кылмыштуу топтун мүчөлөрү Б.Т.К., Т.А.Т. жана Т.Ч. опузалап акча талап кылуу жана физикалык жактан жок кылам деп коркутуу аркылуу КР жаранынан 300 миң АКШ долларын алгандыгы аныкталган, ал кийин "Мыйзамдагы ууру" К. Асанбекке өткөрүлүп берилген, көрсөтүлгөн факт боюнча КР УКМК дарегине ишкердик субъекттеринин өкүлдөрүнүн бири кайрылган.
Белгилей кетсек, Б.Т.К. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде иштеп турганда К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн кылмыштуу аракеттерин «калкалоо» менен, кызматтык мүнөздөгү маалымат берип, колдоо көрсөткөн.
Топтолгон материалдардын негизинде 2025-жылдын 16-майында аталган адамдар кармалып, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесине камакка алынды.
Учурда КР УКМК тарабынан жогорудагы фактыларга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
КР УКМК КР жарандарын кылмышкерлер тарабынан коркутуулар болгон учурда тез арада кайрылууга чакырат.






