УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү Т.К.И. кармалды

   КР УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана аны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын  алкагында маркум К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү Т.К.И. кармалды.
   Аталган Т.К.И. уюшкан кылмыштуу топтун криминалдык иерархиясында алдыңкылардан болуп, маркум К. Асанбектин тапшырмасы менен анын ар кандай кылмыштуу көрсөтмөлөрүн, анын ичинде опузалап талап-тоноо жана башка өзгөчө оор кылмыштарды аткаргандыгы тууралуу маалыматтар алынган.
   Мындан тышкары, анын мүчөлөрү кылмыштуу коомду уюштуруп, кылмыштуу идеологияны карманууну улантып, коомдук коркунучтуу аракеттерди жасашкан.
   Алсак, Т.К.И. 2025-жылдын январында топтук тинтүүнү уюштуруу менен КР жарандарынан 1 млн. 300 миң сом суммадагы акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алган. Мындан тышкары, физикалык коркунуч көрсөтүү менен жеке ишкерге таандык 10 миң АКШ долларын жана 60 миң АКШ долларын түзгөн өндүрүш жабдууларын ээлеп алган.
   Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 31-мартында Бишкектеги “Халва” кафесинин жанында бычак менен жасалган кол салууга тиешеси бар, мурда УКМК тарабынан кармалган адамдар да, Т.К.И.нин  кылмыштуу чөйрөсүнүн мүчөлөрү болгон. 
   КР УКМК Т.К.И.нын кылмыштуу коомунун мүчөлөрүнө карата алардын кылмыш ишинин башка фактыларын аныктоо үчүн тергөө-ыкчам иш-чараларын улантууда.

Related posts

Орус тили боюнча тест тапшырбаган мигранттардын балдары Орусияда мектепке кабыл алынбайт

admin

13-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Бишкекти каптаган кара түтүн кайтып келеби? Бакыт Төрөбаевдин жообу

admin

Комментарий