УКМК: Жайыл районунда мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча жана спорт зал мамлекетке кайтарылды

УКМК тарабынан текшерүү иш-чараларынын натыйжасында Чүй облусунун Жайыл районундагы Сосновка айылындагы бала бакча жана спорт зал мамлекетке кайтарылды.

2017-жылы К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, мурда ок атуучу куралдарды жана баңгизаттарды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгон С.М.К. аттуу жаран, кылмыш жолу аркылуу аталган кыймылсыз мүлктөргө ээ болгон. Тактап айтканда, коркутуп-үркүтүү, шантаж жана таасир этүү жолу менен Сосновка айылындагы мурда мамлекеттик менчикте турган бала бакчаны жана спорт залды алып, атасы С.К.Ж.нын жана агасы С.А.К.нын атына каттатып алган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, мүлк ээлери аталган объекттерге мыйзамсыз ээлик кылуу жана пайдалануу фактысын моюнга алышып, аларды өз ыктыяры менен Чүй облусунун Жайыл районунун Талды-Булак айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп беришти.

Related posts

Жаан жаайт. 25-апрелде өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

admin

Кар жаайт. 3-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы 

admin

Бишкектеги көмүр сатуу түйүндөрүнүн даректери жана баасы

admin

Комментарий