УКМК: Жалал-Абад облусунда айылдык кеңештин депутаттары кармалды 

Алдамчылык беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берүү боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

Көрүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, жер тилкелерин алуу үчүн мурда алынган акча каражаттардын бир бөлүгүн кайтарып берүү учурунда Ноокен айылдык кеңешинин 2 депутаты кармалды. Мындан тышкары, Ноокен айыл өкмөтүнүн имаратында издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, жер тилкелерди бөлүп берүү боюнча 300дөн ашык жасалма токтомдор табылып алынды. Кармалган адамдар Ноокен айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, «жайыт» категориясына таандык жер тилкелерин жасалма документтерди жасоо жолу менен 100 миң сомдон 180 миң сомго чейин сатып жибергени аныкталган. Ошол эле учурда аталган кылмыштуу топ 2022-жылдын 17-мартындагы «Жер жана укук мамилелерин жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамынын негизинде жер тилкелерин легалдаштыруу жол-жоболорун жашыруу максатында жүргүзгөн, анда жер амнистиясы каралган.

Азыркы учурда тергөө органдары бул коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар бардык адамдарды аныктап, мамлекетке келтирилген зыянды эсептеп жатышат. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Related posts

КР УКМК: Таласта айыл чарба жерлерин мыйзамсыз трансформациялоо фактысы боюнча Токмок шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы кармалды

admin

Үй, автоунаа менен соодалашууну накталай эмес, сом менен гана жүргүзүү сунушталды

admin

Кайрат Примбердиев Бишкекте 100дөн ашуун окуучу менен жолугуп, суроолоруна жооп берди

admin

Комментарий