УКМК: Жалал-Абад облусунда жасалма документтерди саткан канал аныкталды

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдирди.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында КР УКМКнын кызматкерлери тарабынан Сузак районунун тургундары «Б.У.Э.», «Г.И.А.» жана «Р.M.M.» кармалышты.

Жогоруда аталган адамдардын, мамлекеттик маанидеги документтерди, атап айтканда паспортторду, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү, айдоочулук күбөлүктөрдү, орто жана жогорку билими тууралуу күбөлүктөрдү акчалай сый акы алуу үчүн даярдоо жана сатуу менен алектенгени аныкталган. 

Тинтүү иштеринин натыйжасында коргоо белгилерин камтыган жасалма паспорттор, айдоочулук күбөлүктөр, ар кандай багыттагы башка күбөлүктөр, жасалмалоо белгилери бар документтер, ошондой эле нотариалдык ишеним каттардын бош нускалары, жарандардын туулгандыгы жана нике тууралуу күбөлүктөрү, ошондой эле атайын техникалык жабдуулар табылып, алынды. 

Ошондой эле, коргоо элементтери жана суу белгилери бар документтердин айрымдары чет мамлекетте даярдалып, Кыргыз Республикасынын аймагында сатылганы белгилүү болду.

Related posts

Америкада кош жатыны бар аял эки күндө эки кызды жарыкка алып келди

admin

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атышуу болду

admin

Ташиев Кыргыз футболдук союзунун кеңсесинде жаңы курам менен жолугушуу өткөрдү

admin

Комментарий