УКМК: Жалпы аянты 1,79 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

   Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында КР УКМК тарабынан Нарын облусунун Жумгал районунун мурдагы колхоздор аралык курулуш бирикмесине  - азыркы «Көкө-Мерен» АКсына таандык жалпы аянты 1,79 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.
   СССР учурунда Колхоздор аралык курулуш бирикмеси колхоздордогу өндүрүштүк жана маданий-тиричилик объектилерин курууну ишке ашырган.
   2003-жылы банкроттук шылтоосу менен Колхоздор аралык курулуш бирикмеси «Көкө-Мерен» акционердик коому болуп кайра түзүлгөнү аныкталган. Анда төрага болуп, Жумгал районунун Чаек айылынын тургуну Ч.Б. шайланган. 
    Финансылык кыйынчылыктардан улам АКтын иши көп жылдар бою толук аткарылбай, андан ары токтоп калууга алып келген. Натыйжада аталган уюмдун кароосуз калган имараттары жана курулмалары жергиликтүү тургундар тарабынан бузулуп, АКтын аймагынын бир бөлүгү көмүр сактоочу жайга айландырылып, экинчи бөлүгү таштандыга толуп калган.
    «Көкөе-Мерен» АКнын жер тилкеси тиешелүү кабыл алуу-өткөрүп берүү Актысына ылайык, Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлдү.

Related posts

Фетхуллах Гүлендин сөөгү каякта жерге берилет?

admin

Кыргызстандын 420 ишканасы ЕАЭБге продукциясын экспорттой алат

admin

Камчыбек Ташиев: Жалал-Абад облусунда үч судья кармалды

admin

Комментарий