УКМК: Жарым криминалдык элемент пара талап кылганы үчүн кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан  иш-чаралардын жүрүшүндө Ысык – Көл облусунун «Каракол – Кызыл-Суу» багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу (такси)  боюнча ишкерлик кылууга уруксат берүү шылтоосу менен 656 миң сом алып жаткан жеринен Кыргыз Республикасынын жараны Д.Н.М. кармалды.

Аталган Д.Н.М. өзүнүн иш-аракетин мыйзамдаштыруу максатында «Н.Т.» ЖЧКсы ишкердик субъекти аркылуу транспорттук жана ортомчулук кызматтарды көрсөтүү боюнча жасалма келишимдерди түзгөндүгү аныкталган.

 Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында КР жараны Д.Н.М. кармалып, Каракол шаарындагы №23 тергөө абагына киргизилди.

Ошону менен бирге КР УКМК жарандарды сак болууга жана кайсы бир маселени мыйзамсыз чечүү үчүн акча талап кылган абийирсиз адамдардын, анын ичинде жарым-жартылай кылмыштуу элементтердин колуна түшүп калбоого чакырат. Алдамчылык же башка мыйзамсыз аракеттер болгон учурда укук коргоо органдарына кайрылууну сунуштайбыз.

Related posts

Телефондорду милдеттүү каттоо. Ишкерлер менен тийиштүү органдардын жолугушуусу өттү

admin

1-класска электрондук каттоонун 2-этабы башталды. Бишкекте кайсы мектепте орун калган жок?

admin

Ысык-Көлдө 14 жаштагы эки кыз чөгүп, бирөөсү каза болду

admin

Комментарий