Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдирди.
Маалыматта айтылгандай, УКМК 2025-жылдын 15-апрелинде КР Жогорку Кеңешинин жыйынында КР ЖКнын вице-спикери Нурбек Сыдыгалиевдин «Мегаком» компаниясынын экс-башчысы Акылбек Жамангуловдун кылмыш ишин куугунтуктоону токтотууда прокуратура органдары тарабынан коррупциялык көрүнүштөр орун алды делген билдирүүсүнө байланыштуу тиешелүү текшерүү иш-чараларын жүргүздү.
Кыргыз Республикасынын мурдагы Башкы прокурору К.Зулушевдин, «Мегаком» компаниясынын мурдагы жетекчиси А.Жамангуловдун жана башка адамдардын катышуусунда жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин вице-спикеринин жогоруда айтылган сөздөрү тастыкталган жок. Анын айткандарын тастыктай турган фактылар жок экенин Н.Сыдыгалиев өзү да мойнуна алды.
КР ЖКнын депутаты Н.Сыдыгалиев билдирген маалымат анык эмес жана чагымчыл мүнөзгө ээ болгондуктан, бул өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалдын курчушуна алып келиши, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдарына жарандардын ишеним көрсөтпөөсүн жаратышы мүмкүн болгондуктан, Кыргыз Республикасынын УКМК органдары Н.Сыдыгалиев менен мындан ары мындай ачык чындыкка жатпаган пикирлерге жол бербөө жөнүндө түшүндүрүү-алдын алуу иштерин жүргүзүштү.
КР УКМК жарандарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралган республикадагы абалды туруксуздаштырууга багытталган туура эмес жана чагымчыл билдирүүлөрдү таратууга жол бербөө жөнүндө эскертет.