УКМК өзүн Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас деп тааныштырган алдамчыны кармады — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдирди.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМК  алдамчылык фактысы боюнча, өзүн  УКМК төрагасынын уулу Таймурас Ташиев катары тааныштырып, «Б.Х.» компаниясынын жетекчилигин алдоо жолу менен бетон үчүн  химиялык реагенттерди берүү боюнча келишим түзүүгө көндүргөн Д.Р.Д. аттуу жаранды  кармады.

Тактап айтканда,  Д.Р.Д. келишим түзүү максатында компаниянын жетекчилиги менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда үнүн манипуляциялап, «Whatsapp» тиркемесине Таймурас Ташиевдин сүрөтүн коюп, өзүнүн өкүлүн компаниянын кеңсесине жөнөткөн, андан кийин өз алдынча кеңсеге келип, аны менен келишим түзүүнү талап кылган. Келишимдин жыйынтыгында ишканага 495 миң сомдук 8 тонна химиялык зат жана аванс катары 80 миң АКШ долларынан ашык Lexus RX350 жана Hyundai Avante үлгүсүндөгү автоунаалар которулган.

Related posts

Суусамыр суусунан изделип жаткан жарандын сөөгү табылды

admin

Шакиев: «Кандай гана тармак болбосун аялдардын салымы чоң»

admin

Акылбек Жапаров: Кумтөрдүн алтыны  100% Кыргызстан үчүн иштеп жатат 

admin

Комментарий