УКМКнын отставкадагы полковниги Маматкадыр Акматов мезгилсиз дүйнө салды

Бул тууралуу атайын кызматтын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилиги, Ардагерлер кеңеши жана жеке курамы отставкадагы полковник Акматов Маматкадыр Акматовичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

М.Акматов 1947-жылы 17-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Алма айылында төрөлүп, 1971-1992-жылдары мамлекеттик коопсуздук органдарында кызмат өтөгөн.

Маматкадыр Акматович бүткүл өмүрүн Мекенди коргоого, мамлекеттик жана улуттук коопсуздукту камсыз кылууга арнап, Кыргыз ССРинин коопсуздук органдарында ар кандай ыкчам кызматтарда иштеген.

1977-1983-жылдары КГБнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын бөлүмдөрүнүн биринин начальниги кызматын аркалаган.

1983-1988-жылдары МККнын Талас облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын кадрлар боюнча орун басары, 1988-жылдан баштап МККнын Ош облусу боюнча башкармалыгында бөлүм башчы, андан кийин башкармалыктын начальнигинин орун басары кызматтарын аркалаган. 1992-жылы ардактуу эс алууга чыккан.

Пенсияга чыккандан тарта бизнес менен активдүү алектенип, «Жибек Жолу» эл аралык туризм ассоциациясынын президенти болуп, Оштон чет өлкөлөрдөгү Стамбул, Дубай, Карачи, Дели, Үрүмчү жана Бээжин шаарларына авиакаттамдарды ачкан.

1996-жылдан 2000-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгында аскер бөлүгүнүн командири жана регионалдык бөлүмүнүн башчысы болуп кызмат өтөгөн.

Мекенге кылган ак кызматы үчүн СССР МККнын, КР УКМКнын, КР КМнын көптөгөн ведомстволук сыйлыктары менен сыйланган.

Маматкадыр Акматович өз мамлекетин берилип сүйгөн, чыныгы мекенчил, патриот, эрктүү, бир сырдуу, билимдүү инсан болчу.

Маматкадыр Акматовичтин жаркын элеси чекисттердин жана кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүк сакталып калат деп терең ишенебиз жана аны ар дайым жылуу сезим менен эскеребиз.

Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Related posts

Зеленский АКШга карыз төлөөдөн баш тартты

admin

«Тооккананы үй кылып, дайынсыз кеткен кызымдын 5 баласын багам” дейт 65 жаштагы эне

admin

Баткенде пара алып жаткан жол тескөөчүлөр кармалды (видео)

admin

Комментарий