Украина кризиси: тынчтыкпы же талкаланган өлкөбү?

Учурдун темасы Зеленский, “тең ата сүйлөштү, баатыр экен, бетке айтты” деп баа берип жатышат.

Бирок, Украинадагы абал “плохой мир лучше хорошей войны” дегенди көрсөтүп койду.

Тынчтыктын баасы канчалык жогору экенин Украина эли өз жон териси менен сезди окшойт. Баарыбыз билгендей, бир кезде Украинага тышкы күчтөр, тактап айтканда НПОлордун (бейөкмөт уюмдар) таасири менен демагог Зеленскийди президент кылышты. Натыйжада эмне болду? Украина талкаланды, жерин алдырды, экономикасы кыйрады, эли бүт дүйнөгө тентип кетти. Миңдеген жаштары согушта курман болду. Азыр украиналыктар мурдагы тынч жашоосуна кайта албай карайлап калды, Зеленский эмне кылышты билбей калды.

Мурда таяныч болуп келген Америкада саясаты өзгөрүп, Украинадагы кен байлыктарга көз артууда. Зеленский болсо кайырчыдай жардам издеп, батыш лидерлеринин эшигин каккылап жүрөт.

Украинага тынчтык орноп, калыбына келгиче бүтүндөй бир муундун өмүрү өтөт. Анын ордуна, туура дипломатиялык сүйлөшүүлөр менен өлкөнү сактап калса болмок беле? Бул суроого ар ким өзү жооп берсин. Ошондуктан, бизде дагы ооз көптүрүп сүйлөгөн демагогдордон жана сырткы күчтөргө таянган саясатчылардан этият болуубуз керек.

Related posts

Я признаю законные претензии палестинского народа, но ничто не может оправдать теракты и убийства, — генсек ООН

admin

ГКНБ: Выявлены нарушения в финансово-экономической деятельности кооператива «Ак-Тилек»

admin

В Турции произошло очередное землетрясение сегодня утром 

admin

Комментарий