Улуттук госпиталда кош бойлуу медайым сабалды. Милиция эмне дейт?

Улуттук госпиталдын травматология бөлүмүндө бейтаптын тууганы медайымды сабап салган. Окуя 19-февралда болгонун Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка караганда, медицина кызматкерине физикалык жана эмоционалдык травма алып келген. «Анын 3 айлык боюнда бар. Кош бойлуулугу токтоо коркунучу менен шаардык гинекологиялык ооруканага жаткырылган. Абалы туурууктуу»,- дешти.

Биринчи Май РИИБден окуя тууралуу маалымат беришти. «19-февралда болжол менен саат 11:00 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Улуттук госпиталдын травматология бөлүмүндө бейтапты карап жаткан тууганы медайымды сабап салганы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган милицияга медайым арыз жазып, аны эч себепсиз сабап салганын билдирген. Аталган факты каттоого алынып, учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет. Ошондой эле тергөө бөлүмүнө 1981-жылы туулган жаран жеткирилип, суралган. Ал чакырган убакта барууга макул болуп, бошотулган. Тергөө уланууда»,- дешти.

Related posts

УКМК Жалал-Абадда аткезчиликке көмөктөшкөн 8 чек арачыны кармады

admin

Чиркей «курмандыгын» кантип тандайт? Эксперттердин түшүндүрмөсү

admin

Чүй жана Ысык-Көлдө жер титиреди 

admin

Комментарий