Улуттук гвардиянын аскер бөлүгү өзүнүн түзүлгөн күнүн белгиледи

2025-жылдын 26-апрелинде КР КК Улуттук гвардиясынын аскер бөлүгүнүн аймагында аскер бөлүктүн түзүлгөн күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Салтанаттуу иш-чарага КР КК Улуттук гвардиясынын кол башчысы гвардиянын полковниги Талантбек Эргешов, запастагы генерал-майор Асанбек Алымкожоев, Бишкек шаарынын Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев жана башка чакырылган коноктор катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө аскер бөлүктүн түзүлгөн күнүнө карата кызматында ийгилик жараткан аскер кызматчылар грамота жана медалдар менен сыйланышты.
Иш-чарада аскер кызматчылардын саптык даярдык, кол кармашып урушу элементтери, куралдуу кылмышкерди кармоо боюнча бийик имаратка чабуул коюу жана башка тактикалык эпизоддордун көрсөтүүлөрү көрсөтүлүп, иш-чара концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Related posts

Financial Firm TD Ameritrade Launches Chatbot For Facebook

admin

Financial Gravity Hosts AI Design Challenge For Tax Planning Software

admin

How to Travel Europe by Bus for Under $600

admin

Комментарий