Улуттук коопсуздук органдарынын ардагери Раимжан Эшенкулович Эшенкулов дүйнөдөн кайтты

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилиги, өздүк курамы жана Ардагерлер кеңеши улуттук коопсуздук органдарынын ардагери, запастагы полковник Эшенкулов Раимжан Эшенкуловичтин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Раимжан Эшенкулович 1947-жылдын 27-апрелинде Өзгөн районунун Заргер айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

Ал 1974-жылдын сентябрь айынан тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик коопсуздук органдарында кызмат өтөгөн. Кызмат жолун ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкерден баштап, Кыргыз Республикасынын УКМКсынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы кызматына чейин жеткен.

Раимжан Эшенкулович өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу тармагына көп жылдык эмгегин арнаган, жогорку кесипкөйлүгү жана жоопкерчилиги менен айырмаланган кызматкер болгон.

Анын жаркын элеси кесиптештеринин, ардагерлердин жана аны тааныгандардын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Related posts

Кадамжайда мектеп окуучусун унаа сүзүп кеткен

mediaportalk

Мигранттарды Европага мыйзамсыз ташуу менен алектенген чет элдик жаран кармалды

mediaportalk

Нурсултан Кеңешбеков Иранда өткөн жеңил атлетика боюнча Азиянын чемпиону болду

mediaportalk

Комментарий