Улуттук коопсуздук органынын ардагери, запастагы полковник Касымов Куванчбек дүйнөдөн кайтты

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМКнын жетекчилиги, Ардагерлер кеңеши жана өздүк курамы Кыргыз Республикасынын УКМКнын Баткен облусу боюнча ардагерлеринин төрагасы, отставкадагы полковник Касымов Куванчбек Кудайкулович  мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу (2025-жылдын 31-январында жол кырсыгынан каза болгон)  үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Полковник К.К.Касымов 1964-жылы 1-январда Баткен облусунун Лейлек районундагы Ак-Суу айылында туулган.

КР УКМКда кызматын 1994-жылдын январында баштаган. Ош облусунун Ноокат райондук бөлүмүнүн оперативдүү кызматкеринен КР УКМКнын ар кайсы бөлүмдөрүнүн жетекчилигине чейинки жолду басып өткөн.

Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарында кызмат өтөп жүргөндө кыргыз мамлекеттүүлүгүн коргоодо улуттук коопсуздукту камсыз кылууга зор салым кошкон.

2024-жылдын 23-декабрында КР Президенти тарабынан Кыргызстан мамлекетине жана элине сиңирген зор эмгеги үчүн «Даңк» медалы менен сыйланган.

Ошондой эле, кызматтык милдеттерин аткарууда көрсөткөн демилгеси жана кесипкөйлүгү үчүн улуттук коопсуздук органдарынын ар кандай ведомстволук сыйлыктары жана мамлекет башчысынын Ардак грамотасы менен сыйланган.       

К.К.Касымов боорукер жана сезимтал адам, жакшы дос жана ишенимдүү жолдош болгон. Ардагерибиздин жаркын элеси биздин эсибизде түбөлүккө сакталып калат.

Касымов

Related posts

Ноокендеги сел: Эвакуцияланган 300 турак жайдын тургундары үйлөрүнө кайтууда

admin

Сабырбек Жумабеков Россияда беделдүү сыйлыкка татыды

admin

Ташиев Салык кызматынын мурдагы жетекчисинин байлыгы 55 миллион долларга бааланганын айтты

admin

Комментарий