Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине төлөнүүчү компенсация көбөйтүлдү

Ардагерлерге жана чыр-чатактардын катышуучуларына төлөнүүчү компенсациялар көбөйтүлдү. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Жарлыктын күчү 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө киргени белгиленген.

Жарандардын айрым категорияларына жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсациялар төмөнкүдөй төлөнөт:

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары — 10 000 сом (мурда 7000);

Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары — 10 000 сом (мурда 7000);

концлагерлердин мурдагы жашы жете элек туткундары — 10 000 сом (мурда 7000);

За оборону Ленинграда медалы жана/же Жителю блокадного Ленинграда белгиси менен сыйланган адамдар — 10 000 сом (мурда 7000);

башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерде жаракат алган майып аскер кызматчылары — 10 000 сом (мурда 7000);

аскердик кызмат өтөп жатып жарадар болгон, контузия алган, майып болгон аскер кызматчылары — 10 000 сом (мурда 7000);

башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттердин катышуучулары — 8 000 сом (6000);

Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетинен жабыр тарткан майыптар жана нурлануу оорусуна чалдыккандар — 10 000 сом (3000);

1986-1987-жылдары Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандар — 3 500 сом (2500);

Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги үчүн СССР ордендери жана медалдары менен сыйланган, майыптыгы бар адамдар — 2 000 сом;

саясий жана/же диний ынанымы үчүн, улуттук же башка белгилери боюнча репрессияланган жана реабилитацияланган жарандар — 1 500 сом;

1988-1989-жылдары Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкан адамдар — 2 000 сом (1000);

Чернобыль авариясынын натыйжасында каза болгон майыптардын жана нурлануу оорусунан көз жумгандардын үй-бүлөсү — 1 500 сом (1000);

Чернобыль авариясынын кесепеттерин жоюуга катышкан адамдардын 18 жашка чейинки балдары — 1 500 сом (1000);

Улуу Ата Мекендик согуш учурунда ооруктагы кайратман эмгеги үчүн сыйланган, бирок майыптуулугу жок адамдар — 1 000 сом;

Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөсү — 1 500 сом (1000);

аскер кызматын өтөп жатып курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөсү — 1 500 сом (1000);

ички иштер кызматын өтөө учурунда же кызматтык милдетин аткарып жатып курман болгон ички иштер кызматкерлеринин үй-бүлөсү — 1 000 сом;

Улуу Ата Мекендик согуштун курман болгон катышуучуларынын кайра турмушка чыкпаган жесирлери — 1 500 сом (1000);

Кыргыз Республикасынын ардактуу донору төш белгиси менен сыйланган адамдар — 1 000 сом;

көрүүсү же угуусу боюнча майыптар — 1 000 сом;

1993-1999-жылдары тажик–афган участогунда КМШ чек араларын кайтаруу боюнча милдеттерди аткарган аскер кызматчылары — 1 000 сом.

Ошондой эле бул төлөмдөрдү жөнгө салган президенттин 2009-жылдын 13-ноябрындагы №511 «Энергия булактарына тариф саясатынын өзгөрүшүнө байланыштуу жарандардын айрым категорияларына акчалай компенсацияларды төлөп берүү жөнүндө» жарлыгы күчүн жоготту.

Related posts

«Көзүм көрбөсө, көчүгүмдү бөрү жесин» деп жатып алсам болот эле». Садыр Жапаров жарыктын өчүп жатканы боюнча үн катты

admin

Азия чемпионаты: Балбандар Улукбек Жолдошбеков менен Алибек Осмонов коло медалга ээ болушту

admin

Эрназар Акматалиев Түркиядагы мелдеште алтын жеңди.

admin

Комментарий