«Унаа» мекемеси ИИМдин карамагынан чыгарылып жатканы айтылды

“Унаа” мамлекеттик мекемеси эми өз алдынча агенттик болуп түзүлөт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымында, тиешелүү жарлыкка президент кол койду.

Орунбековдун билдирүүсү:

«Унаа» ишканасынын мындан аркы иш алып баруу ыкмасы толугу менен өзгөртүлөт. Агенттиктин Бишкек, Ош шаарларында жана 40 райондо өзүнүн автомектептери ачылып, унаанын түрлөрун башкарууну окутуп үйрөтөт.

Улуу муундагылар жакшы билсе керек, союз мезгилиндеги ДОСААФтын иштөө принциптери эми автоунааны башкарууну өздөштүрүү бөлүгүндө колдонулат.

Жеңил унаадан тартып, оор жүк ташуучу унаалар, тийиштүү эмерек-инвентарлар менен жабдылып, практикалык көндүмдөргө басым жасалат. Аны менен райондордогу автомектептерде жарандарыбыз бойго жеткен балдар, кыздарын үч айлык унаа башкаруу, жол эрежелерин үйрөнүү боюнча окуу курстарына жөнөтө алышат.

Жер-жерлерде мектеп ачуу зарылдыгы биринчи кезекте жол кырсыктарынын көбөйүшүнөн, көпчүлүк айдоочулар жол кыймылынын эрежелерин билбегендиктен, айдоочулук күбөлүктөрдүн көзөмөлсүз берилишинен улам мамлекет ушундай чечимге келди.

Ошондуктан мамлекет башчыбыздын чечими менен ар бир райондо автомектептер ачылуу алында турат. Ал жакта ар бир каалоочу окуулардан өтүп, окуулар, окуучулардын экзамендерди тапшыруусу мамлекеттин көзөмөлүндө болот. Унаа башкарууну же жол кыймылынын эрежелерин толук өздөштүрбөй туруп айдоочулук күбөлүктөрдү ала алышпайт.

Мурда билесиздер, ата-энелер 18ге толгон балдарына унаага кошуп айдоочулук күбөлүк сатып берген фактылар болгон. Азыркы күндө деле окууга тапшырып коюп, айдоочулук күбөлүк алууга келгенде 17 жолу экзаменден өтпөй калган учурлар катталып жатат. Союз кезинде окуп күбөлүк алгандар жакшы билет, айдоо эреже ыкмаларын толук өздөштүрмөйүн айдоо укугуна ээ боло алышкан эмес.

Эми мамлекет унаа башкарууну олуттуу көзөмөлгө алып, союз кезиндегидей принциптер менен окутуп, ал үчүн шарттарды түзүп, кам көрөт.

2021-жылы 7-декабрда «Унаа» мекемеси Ички иштер министрлигинин көзөмөлүнө өткөрүлгөн болчу.

Related posts

Орусияда жол кырсыгынан 14 мекендешибиз каза болду   

admin

Жаан, кар жаашы күтүлөт. 17-ноябрга карата аба -ырайы

admin

ЗАМИР ИЛИПОВДУН КИТЕПТЕРИ ЖЕНЕВАДАГЫ КӨРГӨЗМӨГӨ КОЮЛАТ

admin

Комментарий