Унаасын көл жээгине чейин алып барып, эс алгандарга 15 миң сом айып пул салынды

Социалдык тармактарда унаасын көл жээгине чейин алып барып, эс алып жаткан жарандар боюнча видео тасма тараган. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашты.

Бул факты боюнча издеп табуу иштери жүргүзүлүп, айдоочу Чүй облусунун Жайыл районунан кармалып, жол эрежесин бузгандыгы үчүн Укук бузуулар кодексинин 189-беренесине ылайык айдоочуга 15 миң сом айып салынып, “Субару Форстер” үлгүсүндөгү унаасы убактылуу айып короо жайына токтотулган.

Related posts

Кыргызстан Түркияга 63 куткаруучусун жөнөттү 

admin

Кыргызстанда жер титиреди

admin

Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБге майда бейбаштык жасаган жаран жеткирилди

admin

Комментарий