Унаасын көл жээгине чейин алып барып, эс алгандарга 15 миң сом айып пул салынды

Социалдык тармактарда унаасын көл жээгине чейин алып барып, эс алып жаткан жарандар боюнча видео тасма тараган. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашты.

Бул факты боюнча издеп табуу иштери жүргүзүлүп, айдоочу Чүй облусунун Жайыл районунан кармалып, жол эрежесин бузгандыгы үчүн Укук бузуулар кодексинин 189-беренесине ылайык айдоочуга 15 миң сом айып салынып, “Субару Форстер” үлгүсүндөгү унаасы убактылуу айып короо жайына токтотулган.

Related posts

Бишкекте жаңы турак жай кварталынын пайдубалы түптөлдү

admin

14-февралда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

КР УКМК: Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жайгашкан мурдагы бала бакчанын жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды

admin

Комментарий