Уркуя Парманова: “Майып балдарга мамлекеттин колдоосу бар. Бирок, чечилбеген көйгөйлөр көп”

Жыл сайын 3-декабрда дүйнө жүзү менен бирге Кыргызстанда дагы майыптар күнү белгиленет. Мамлекет жана коомчулук, кайрымдуу ишкерлер, жарандык коомдук өкүлдөрү мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды коомдун толук кандуу мүчөсү катары сый-урмат көрсөтүп, ар тараптуу колдоо кылып келе жатат. Бишкек шаарында “Бейиш балдары” коомдук фонду 25-жолу майрамдык, кайрымдуулук иш-чарасын өткөрдү. Иш-чарага балдар жана ата-энелер болуп жалпысынан 200дөн ашык адам катышты. Уюштуруучулар балдарга арнап көңүл ачуучу оюн-зоок программаларды тартуулап, атайын белектерди беришти. Улуттук филармониянын солистери Кутман Жолдошов, Азамат Жоробаевдер баштаган топ жандуу үн менен ырдап, бейиш балдары дагы өз таланттарын тартуулады. 

“Бейиш балдары” коомдук фондунун ишмердиги тууралуу жетекчиси Уркуя Парманова менен кыскача маектештик.

– Уркуя айым, кош майрамыңыздар менен куттуктайбыз! “Бейиш балдары” коомдук уюму 25-жолу иш-чарасы өтүп жатыптыр. Сиздердин коомдук уюмдун тарыхы, жасалып жаткан иштер тууралуу айта кетсеңиз?

– «Бейиш балдары» коомдук фонду 2019-жылы 17-майда мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын энелери тарабынан түзүлгөн. 5 жылдын ичинде көптөгөн иштер аткарылды. Бул коомдун негизги максаты – мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды коомго кошуу, кадыр-баркын көтөрүү, ошондой эле аларды баккан энелерге жардам көрсөтүү, моралдык-психологиялык жана материалдык жактан жардам берүү болуп саналат.

Бул фонд ачылгандан бери 25 иш-чара өткөрдүк. Алгач ачылганда жүзгө чукул бала бар болчу, андан соң региондорго да атайын кураторлорду шайлап, азыр миңден ашык бала менен иштешебиз. Ушул жылдын ичинде операцияга муктаж балдарга өзгөчө көңүл бурулуп, чет мамлекетке жөнөтүү боюнча долбоор ишке ашып, 18 баланы Ташкент шаарына жөнөттүк. Буга чейинки иш-чараларыбыздын 90%ын “Датка айымдар” жамааты, жетекчиси Венера Калыбаева колдоп келген, ал эми кечээки иш-чараны “Кайрымдуу энелер” колго алып, жардамын беришти. Демөөрчүлөр тарабынан кандай көмөк көрсөтүлбөсүн, баарын кезеги менен региондорго жөнөтүп турабыз. Мурда өзүбүз эле мындай иштерди кылып жүргөн болсок, азыр мамлекет тарабынан дагы жардамдар болуп, чогуу кызматташа баштадык. Жергиликтүү жетекчилер биздин ар кандай иш-чараларды колдоп келишет.

Ошентсе дагы азыр бизге ушул тармактарда жардам берилсе дейт элем:

– Майыптыгы бар балдарга берилип жаткан жөлөк пулду көтөрүү;

-18 жаштан өткөн ДМЧА жарандарды турак-жай менен камсыз кылуу, анткени, 18 жаштан ашкандан кийин үй-бүлөсүнө батпай калат же ата- энесинин көзү өтүп бир туугандарына батпай калат;

– Башка мамлекеттер сыяктуу эле дары-дармек, памперс менен камсыз болуусу зарыл;

– Оор түрдөгү балдарга көп функциялуу коляскалар берилсин;

– 5 жылда бир берилүүчү жолдомо мөөнөтүн кыскартып, 2 жылда бир берилсе;

Биздин балдардын тиштерин мамлекеттик дарыгерлер жасап бере албай, жоопкерчилик албайт, жеке менчик клиникаларга жиберет. Ал жакта бир баланын тишин бир сыйра жасатканга 35 000 сомдон  45 000 чейин акча кетет. Ошол жагынан да көңүл бурулуп турса…

Көчөлөрдө жана имараттарда коляскалар үчүн пандустардын, шарттардын жоктугу.

Алыскы облустарда невропатолог дарыгерлердин жоктугу (Баткен, Нарын, Казарман, Талас)

Биздин балдардын билимсиз калып жаткандыгы атайын бала бакчалардын, мектептердин жетишсиздиги, соцпедагогдордун жоктугу.

Мына ушуга окшогон көйгөйлүү маселелер бар, ушуларга тыкыр көңүл бурулуп, майнаптуу иш чыкса, балдар дагы, ата-энелер дагы, биз дагы ыраазы болот элек.

Бүгүнкү иш-чараны да ийгиликтүү жыйынтыктап алдык. Учурдан пайдаланып, биздин бейиш балдарын, энелерди колдогон баардык инсандарга терең ыраазычылык билдиребиз!

– Сиздердин коомдун мүчөлөрүнүн көйгөйү мамлекеттин, коомдун көйгөйү катары каблыданып, ар бир баланын муктаждыгы чечилүүгө тийиш. Маегиңиздерге ыраазычылык билдиребиз!

“Бейиш балдары” коомдук фондунун жогорудагы иш-чарасына катышкан журналист, коомдук ишмер Сайрагул Дуулатова Facebook социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан:

Related posts

Ленин районунан депутатты шайлоо. Бүгүн «жымжырттык күнү»

admin

«Кыргыззоот» ЖЧКсы жумушчу кийимдерди чыгаруу боюнча россиялык компания менен 2 миллион сомдук келишим түзгөн   

admin

Алай районунун акими болуп Азамат Кожомамбетов дайындалды

admin

Комментарий