Уулуу түтүн Нью-Делини каптады. Шаарда мектептер жабылып, жол кыймылы чектелди

13-ноябрда Индиянын баш калаасын коюу, уулуу түтүн каптады. Эки жумадан бери Нью-Делиде абанын булганышынын деңгээли «өтө жогору» деп мүнөздөлүүдө. Бул тууралуу Euronews жазды.

Шаарда 12-ноябрда индуизмдеги негизги жана эң урматтуу майрамдардын бири болгон Дивали майрамдалгандан кийин абал бир топ начарлады. Салтка ылайык, тургундар миңдеген шамдарды жана чырактарды жагышты. Түн бою фейерверк атылды. Кесепетинен шаарды каптаган түтун коюулады.

Жарандар коргоочу беткаптарды кийүүгө аргасыз болуп, жөтөлүп, көздөрү ачышып жатканына даттанышууда. Бийлик мектептерди жабууну жана жол кыймылын чектөөнү буйруду.

Related posts

«Анча-мынча тентектер чыгып жатат»: Садыр Жапаров кайрылуу жасады

admin

«Сиңдимдин кубанычында чек жок». Нарында президент салып берген үйдүн видеосу

admin

7-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий