UWW Жоламан Шаршенбековду жылдын балбаны деп тандады 

Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW — грек-рим, эркин жана аялдар күрөшүнүн эл аралык федерациясы) кыргызстандык спортчу Жоламан Шаршенбековду грек-рим күрөшү боюнча жылдын мыкты балбаны деп тандады. Бул тууралуу федерациянын сайтында маалымдалды.

Шаршенбеков өтүп бара жаткан жылда дүйнөнүн, Азиянын жана Ислам оюндарынын чемпиону болгон. Ар бир беттешиндеги ийгиликтери аны 60 килограммга чейинкилер категориясында UWW федерациясынын рейтингин камсыздоого өбөлгө болду.

Шаршенбеков Кыргызстандагы эркектер арасында дүйнөнүн биринчи чемпиону боло алмак. Бирок анын мекендеши Акжол Махмудов 77 килограмм салмак арасында андан 48 саат мурун алтын курду жеңип алган эле. Ага карабастан Шаршенбеков өзүн Париждеги Олимпиаданын олуттуу талапкери катары таанытты», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Бириккен күрөш дүйнөсү Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудовду 2022-жылдын тарыхтын жаратуучуларынын катарына кошкон

Related posts

Генерал-полковник К.Ташиев Нарын шаарындагы «Мундуз Ата» эркин күрөш залынын ачылуу аземине катышты.

admin

Садыр Жапаров “Кытай-БА” саммитинде: Биз аймактагы саясий байланыштарды бекемдөөнү көздөйбүз 

admin

КР УКМК жетекчилиги менен байланышка жамынып, 1 млн АКШ долларын опузалаган КР жараны кармалды

admin

Комментарий