Уюлдук телефонду кантип каттатабыз? Түшүндүрмө

Жасалма телефондорду колдонуудан коргоо, уурдатпоону жана телефон алдамчылыгын жоюу максатында 25-июнда уюлдук телефондорду идентификациялоонун мамлекеттик системасы ишке киргизилген. Министрлер кабинети бул туурасында кеңири маалымат берди.

Кыргызстанда бардык байланыш каражаттары (смартфон, планшет) 25-июндан тарта милдетүү түрдө каттоого алынууда 

Мындай чара жасалма телефондорду колдонуудан коргоо, уурдатпоону жана телефон алдамчылыгын жоюу максатында кабыл алынган. Ошондой эле алдамчылык жана террордук максаттарда колдонулгон телефондор система тарабынан бөгөттөлөт.

Жергиликтүү уюлдук операторлордун (Mega, Beeline, «О!») сим-карлары иштеп жаткан аппараттар автоматтык түрдө Мамлекеттик идентификация системасында катталды. 

Өлкөгө байланыш аппараттарын алып кирген жеке жана юридикалык жактар сөзсүз аларды каттоого алышы керек. Бул үчүн смартфондордун IMEI-коддорун importer@imei.kg электрондук почтасына жөнөтүү зарыл, каттоо акысыз.

Related posts

Замирбек Сыдыков Кара-Кулжа районунун акими болуп дайындалды

admin

Дүйнөнү жакшыга өзгөрткөндөр үчүн жаңы кино-сыйлык бериле баштайт

admin

Ташиев жер титирөөдөн кийин ӨКМге тапшырма берди

admin

Комментарий