Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Кыргызстанга расмий сапар менен келди

Венгериянын премьер-министри Виктор Орбан Кыргызстанга расмий сапар менен келди.

Венгриянын премьер-министрин “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Расмий сапарынын алкагында Виктор Орбан Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү өткөрөт, анын жүрүшүндө кыргыз-венгер стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири маселелери талкууланып, кыргыз-венгер эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюлат.

Белгилей кетсек, Виктор Орбан ошондой эле ушул жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги он биринчи Саммитине катышат.

Саммиттин ишине Уюмга мүчө беш мамлекеттин – Түркия Республикасынын, Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын лидерлери, ошондой эле Уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн башчылары катышат.

Related posts

Төрага Нурланбек Шакиев ТүркПАнын Кеңешинин жыйынына катышты

admin

Жылдызкан Жолдошева: Ташиев 2010-жылдагы коогалаңды жөнгө сала алгандыгы үчүн татыктуу сыйланды

admin

Путин: тең укуктуу кызматташууга даяр мамлекеттердин саны өсүүдө

admin

Комментарий