Ветеринардык кызматтын эсепчиси пара алып жаткан жеринен кармалды

Кыргызстандын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу ветеринардык кызматтын Бишкек башкармалыгынын эсепчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК мамлекеттик органдардагы коррупциялык багыттагы кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин жүрүшүндө, 25-июлда опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 40 миң сом паранын бир бөлүгүн алуу учурунда Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу ветеринардык кызматтын Бишкек башкармалыгынын эсепчиси кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Көрсөтүлгөн акча каражаттары жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча оң корутунду чыгаруу максатында кийин Эсептөө палатасынын кызматкерине өткөрүп берүүгө арналгангандыгы аныкталды. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүп жатат.

Related posts

ИИМ: “Жеңиш Разаков алдамчылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип жатат” 

admin

24-25-сентябрда күчтүү магниттик бороон болушу күтүлүүдө

admin

Футбол: Кыргызстан кытайлык Тайбэйди 5:1 эсебинде жеңди

admin

Комментарий