Вьетнамдын эң бай аялдарынын бири алдамчылык үчүн өлүм жазасына кесилди

Вьетнамдын эң бай аялдарынын бири алдамчылык үчүн өлүм жазасына кесилди. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышты.

67 жаштагы ишкер айым Чыонг Ми Лан банктан 12,5 миллиард доллар чыгарып, алдыңкы адамдардын жардамы менен Сайгон коммерциялык банкынын 90 пайыздан ашыгын көзөмөлдөгөн. Ал кайтарымсыз кредиттер аркылуу акча чыгарган. Алар банк тарабынан берилген бардык кредиттердин 93 пайызын түзгөн. Прокуратура анын аракеттеринен келтирилген жалпы зыянды болжол менен 22 миллиард долларга баалаган.

Бай аялдын соттук иши сот тарыхындагы эң ири сот процесстеринин бири болуп калды. 2700 адам көрсөтмө берүүгө чакырылып, ишке он прокурор жана 200дөй жактоочу катышты.

Related posts

2024-ЖЫЛДЫН 9 АЙЫНДА КУМТӨР БЮДЖЕТКЕ САЛЫК ЖАНА БАШКА ТӨЛӨМДӨР ТҮРҮНДӨ 10 МИЛЛИАРД 37 МИЛЛИОН СОМ КОТОРДУ

admin

Таластан Баткендеги чек арага кызмат кылууга барган кыргыз кызы

admin

29-ноябрда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий