Видео. Кичинекей бишкектиктер кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттукташты 

Бишкек шаарындагы No141 мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиялануучулары жана жетекчиси Венера Камчыбекова кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен куттуктады. 

2023-жылдын 5-майында азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн укуктук негиздерин бекемдеген эгемендүү Кыргыз Республикасынын биринчи Конституциясынын кабыл алынганына 30 жыл толот.

Адам, анын өмүрү, укуктары жана эркиндиктери мамлекеттин эң жогорку баалуулуктары деп жарыяланган. Бул документ эгемендүүлүктүн, демократиянын, өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнүн, мыйзамдуулуктун жана демократиянын принциптерин бекемдеп, жаңы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүнүн укуктук, саясий жана социалдык-экономикалык өбөлгөлөрү аныкталды.

Related posts

Милиция кыз ала качуу боюнча кылмыш жоопкерчилиги бар экенин эскертти

admin

Доскул Бекмурзаевге карата 2 кылмыш иши козголду

admin

Ташиев Абхазия жана Армениядан алынып келген автоунаа ээлери менен жолугушту.

admin

Комментарий