Японияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 62 адамга жетти

Японияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 62 адамга жетти. Бул тууралуу NHK жазды.

Учурда жергиликтүү кызматтар урандылардын астындагы адамдарды издөөнү улантууда. Алар ошондой эле жер титирөөдөн, анын ичинде имараттар кулагандан кийин башталган өрт менен күрөшүүдө. NHK телеканалынын акыркы маалыматы боюнча, жабыркагандардын саны 100дөн ашты, алардын 17си оор абалда ооруканада. 

1-январда Японияда күчү 7,6 баллга жеткен жер титирөө болгон. Андан кийин жер титирөө 150дөн ашык жолу катталган. 24 саатка созулган өлкөнүн бүт батыш жээгинде цунами коркунучу жарыяланды.

Related posts

Румын президенти украин адистерин F-16 учагында машыктырууга макул болду

admin

Бишкекте энесин сабап жаткан киши жардамга барган милиционерди кошо токмоктоду

admin

Токмокто үч баласы менен аялды машина коюп кетти

admin

Комментарий