Япониядагы жер титирөө: Каза болгондордун саны 120дан ашты

Жапонияда бир апта мурдагы катуу жер титирөөдө мерт болгондордун саны 120дан ашты. Бул тууралуу NHK телеканалы ишембиде кабарлады.

Соңку маалыматтарга ылайык, дагы 500дөн ашык киши жараат алды, мындан башка 200дөн көп адам дайынсыз болууда. Урандыларды тазалоо, куткаруу иштери уланып жатат.

Ното жарым аралында жердин термелүүсү катталууда. Ишембиде анын күчү 5,3 баллга чейин жетти.

Күчү 7,6 баллга жеткен жер титирөө Жапониянын борбордук бөлүгүндө 1-январда болгон. Исикава префектурасында ондогон имараттар талкаланып, миңдеген тургундар электр жарыгысыз калган. Кооптуу аймактардан 100 миңдей адам эвакуацияланган.

Related posts

ӨКМ шашылыш билдирүү таратты. Нөшөрлүү жамгыр жаап, сел жүрүшү мүмкүн

admin

Түрмөдөн качып, издөөдө жүргөн шектүү кармалды

admin

Стамбул шаарындагы жардырууга тиешеси бар 22 адам кармалды

admin

Комментарий