Ырчы Гүлназ Чыныбек кызы темир тулпарлуу болду

Ырчы Гүлназ Чыныбек кызы темир тулпарлуу болду. Ал сүйүнүчтүү кабарын социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Кудайдын буйругу менен дагы бир максатым ишке ашып отурат. Бул албетте, алгачкы унаам эмес. Бирок кыялымда жашап жүргөн ак тулпарлуу болдум. Биринчи жолу унаа тандаганда каражатымдын жетишине карап гана тандоо мүмкүнчүлүгү болсо, бул жолу унаанын абалына, жылына, өңүнө, маркасына, жүрүшүнө, комплектациясына, кайсы өлкөдөн келгенине карап тандоо мүмкүнчүлүгүн насип этиптир. Эң башкысы гибрид экенин жактырдым. Кыргызстандын экологиясын сактоого бир аз болсо да салым болоор деп ниет кылдым», — деп жазды ал.

Related posts

2-3-августта өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

admin

Бишкек шаарынын ЖЭБи ысык суу берүүгө даяр

admin

Жалал-Абадда мектептин 2-кабатынан секирген окуучу кыз. Мугалим үн катты

admin

Комментарий