Ырчы Кыздаркан Келдибекова көз жумду

Ырчы, Маданияттын мыкты кызматкери Кыздаркан Келдибекова көз жумду. Бул маалыматты  сахналаш жакыны Самара Сабирова ырастады.

Маалыматка караганда, ырчы айымга 1 жыл мурда жүрөгүнө операция жасалган, ошондон улам абалы начарлап кеткен. «Инсульт болду окшойт. 3 күн комада жатты. Жаркылдагыбыздан айрылып калдык», — деди ал ыйлап.

Кыздаркан Келдибекова 1986-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы Жылалды айылында төрөлгөн. Ал элге «Ак тилек» «Телефон чалып тур», «Ойлодуң бекен?», «Сүйүү жазы» жана башка ырлары менен таанылган.

Related posts

Казакстандык блогер Кыргызстанда кармалганын жазды

admin

Анкарадагы терактта жабыркагандарын арасында кыргызстандыктар жок – ТИМ

admin

Бүгүн Садыр Жапаров 55 жашка толду

admin

Комментарий