КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын натыйжасында мамлекетке Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы 226 гектар жер тилкелери кайтарылды. Бул тууралуу басма сөз катчысы билдирди.
Маалымат боюнча, аталган жер тилкелери 1992–1994-жылдары мыйзамсыз түрдө муниципалдык менчиктин балансынан чыгарылып, бүгүнкү күнгө чейин жергиликтүү тургундар тарабынан айдалып келгендиги аныкталган.

Ошондой эле, айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана кызматкерлери узак убакыт бою жерлерди муниципалдык же мамлекеттик менчике алуу үчүн зарыл болгон расмий жол-жоболорду аткарбай туруп, айрым адамдарга айыл чарба өсүмдүктөрүн айдоо максатында мыйзамсыз бөлүп берип келишкен. Бул үчүн мамлекетке ижара төлөмдөрү төлөбөгөндүгү аныкталды.

Жер тилкелеринин «Мамлекеттик айыл чарба жер фондусуна» кайтарылышы район аймагындагы жергиликтүү тургундар тарабынан иштетиле турган айыл чарба аянттарын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берип, азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин жогорулатат.