Ысык-Атада дайынсыз болуп жаткан өспүрүм Канттын талаасынан табылды 

Ысык-Ата районунда дайынсыз жоголгон баланы милиция кызматкерлери таап, ата-энесине өткөрүп беришти. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

10-май күнү Ысык-Ата РИИБке арыз менен Кант шаарынын тургуну 1987-жылы туулган жаран кайрылып, 29-апрель күнү саат 22:00дө 2006-жылы туулган баласы үйдөн чыгып кетип жок болуп жатканын билдирип, издеп таап берүүсүн өтүнүп кайрылган.

Аталган факты Ысык-Ата РИИБте катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Ысык-Ата РИИБдин жашы жете элек балдар менен иштөө инспекторлорунун изилдөө иш-аракеттеринин натыйжасында 2006-жылы туулган өспүрүм Кант шаарынын талаасынан таап, ата-энесине өткөрүлүп берилген.

Related posts

Боомдо каза тапкан жана жаракат алган адамдардын өздүктөрү аныкталды (тизме)

admin

Ошто жеке ишкер менчик жер тилкесин мэриянын балансына өткөрүп берди

admin

Жамалбек Ырсалиев Бишкек мэринин орун басары болуп дайындалды

admin

Комментарий