Ысык -Атада стратегиялык мааниге ээ болгон суу чарба объектиси — суткалык жөнгө салуу бассейни мамлекеттин балансына кайтарылды 

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай,  УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик мүлктү аныктоо жана кайтарып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иш-чаралардын алкагында КР Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан суу инфраструктурасынын объектисин — күнүмдүк жөнгө салуу бассейнин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын аныктады.

Маалымат үчүн: Совет доорунда айыл чарба жерлерин сугат суусу менен камсыз кылуу үчүн күнүмдүк жөнгө салуу бассейндери активдүү курулган. Күнүмдүк жөнгө салуу бассейнинин негизги максаты — ашыкча суу топтоо мезгилинде (кыш же жаан-чачындуу мезгилде) сууну топтоп, андан кийин аны кургакчылык мезгилде колдонуу болуп саналат.

Тактап айтканда, 1999-жылдын 30-ноябрында өткөрүп берүү актысынын негизинде аталган суткалык жөнгө салуу бассейни мыйзамсыз түрдө «Пахарь» айыл чарба өндүрүштүк кооперативинин балансына өткөрүлүп берилген. Кийинчерээк, 2021-жылы Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысынын №28 чечиминин негизинде, жогоруда көрсөтүлгөн суткалык жөнгө салуу бассейни «Пахарь» айыл чарба өндүрүштүк кооперативинин менчигине өткөн жана андан соң жеке менчик укугун тастыктаган мамлекеттик акт алынган.

Тергөө иш-чараларынан кийин мыйзамсыз менчиктештирилген суу инфраструктурасынын объектиси мамлекеттин балансына кайтарылып, Айыл чарба министрлигинин түзүмдүк бөлүмү болгон Ысык-Ата суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүлүп берилди.

Related posts

“Үмүт и Ко” ишканасын негиздөөчүсүнүн үйүнөн ок өтпөс машина, бир нече курал табылды

admin

31-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолукту

admin

Комментарий