Ысык-Көлдү таштандыдан тазалоо кайра башталды (видео)

26-марттан тарта суучулдар Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо ишин башташты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары Ысык-Көлдүн Түп булуңундагы көлдүн аянтын тазалап, 26-март күнү кечке чейин 4100 метр балык уулоочу тор чыгарышты. Суу астынан чыгарылган торлордун көбү жаңы экендигин көрүүгө болот. Бул мыйзамдын негизинде тыюу салынганына карабастан браконьерлик дагы да болсо уланып жатканын билдирет. Өткөн жылы суучулдар жалпы аянты 430 086,12 гектарды түзгөн суу астынан 22 545 кг таштанды, 218 100 метр балык уулоочу торду алып чыгышкан.

2023-жылдын 12-мартынан бери президенттин жарлыгынын негизинде Ысык-Көлдүн флора жана фаунасына зыян алып келген таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо иши масштабдуу түрдө башталган.

https://www.facebook.com/plugins/video.php?height=314&href=https%3A%2F%2Fwww.facebook.com%2Fmchs.gov.kg%2Fvideos%2F1924239161306153%2F&show_text=false&width=560&t=0

Related posts

Министрлер кабинети көмүрдүн экспортуна убактылуу чектөө киргизди

admin

Шаарды тегерете жол салуу. ЖКда тыгын маселесин чечүү үчүн сунуштар айтылды

admin

Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугунун имараты жаңыланды.

admin

Комментарий