Ысык-Көлдө 14 жаштагы эки кыз чөгүп, бирөөсү каза болду

Социалдык тармактын колдонуучулары Ысык-Көлдөгү «Алтын Балалык» реабилитациялык борбордо 2 кыз чөгүп, бирөөсү каза болгонун жазып чыгышты.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Ысык-Көл ОИИБ менен байланышканыбызда, окуя «Алтын Балалык» борборунун жанындагы пляжда болгонун билдиришти. «5-августта Ысык-Көл РИИБге Тез жардам кызматынан «Алтын Балалык» эс алуу үйүнүн жанында жайгашкан пляжга эки кыз чөгүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган райондук милициянын тергөө-ыкчам тобу ошол күнү нарындык 14 жаштагы 2 кыздын көлгө чөккөнүн, дарыгерлер сууга чөгүп кеткен кыздардын бирин аман алып калышып, ал райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат», — дешти. 

Related posts

Ташиев: мамлекеттик кызматкер бай жашабашы керек, эми «ставка» деген болбойт

admin

Баткен-Ош жолу жабылды

admin

Бүгүн Кыргызстан Эгемендикти алганына31 жыл толду

admin

Комментарий