Ысык-Көлдө 35 жаштагы жаранды сабоого шектелип Камчы Көлбаевдин жакын адамдарынын бири кармалды 

Ден соолукка оор залал келтирген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

6-январь күнү Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине Чолпон-Ата шаарынан белгисиз адамдар сабап кеткен 35 жаштагы жаран жеткирилгени маалымдалган. Жабырлануучунун туугандары арыз менен милицияга кайрылып, бул факты боюнча тиешелүү чараларды көрүп, күнөөкөрлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартууну суранышкан. Бул факты боюнча топтолгон материалдардын негизинде Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүмүнүн 12-пункту (Бейбаштык максатта ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чараларын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Ысык-Көл жана Нарын облусу боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүзүшкөн. Көрүлгөн чаралардын негизинде жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары Ысык-Көл районунун 1989-жылы туулган тургуну кармалды. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат жана Камчы Асанбектин жакын адамдарынын бири. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Соттун токтому менен аны эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. Тергөө амалдары жүрүүдө.

Related posts

Казакстанда адамдар менен чуңкурга кирип кеткен автобусту издөө токтотулду

admin

Бишкекте студенттер 5-6-ноябрда аралыктан окушат

admin

Акжол Махмудов кайрадан дүйнөлүк рейтингде биринчи орунду ээледи 

admin

Комментарий