Ысык- Көлдө «Ак Мөөр Fest – 2022» фестивалы болуп өттү

«Кыргыз Биримдиги» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган «Ак Мөөр Fest – 2022» фестивалы 22-24-июль күндөрү Ысык- Көл жергесиндеги Өрнөк айылында болуп өттү.

Бул долбоордун негизги максаты – республикалык деңгээлде кыргыз айымдарынын бүгүнкү, эртеңки жана кечээки жашоо образдары чагылдыруу менен кыргыздын көөнөрбөс тарыхын келечек муунга калтыруу, улуттук баалуулуктарды жайылтуу жана кыргыз айымдарынын улуулугун жана эркиндүүлүгүн даңазалоо болуп саналат.

Иш- чаранын алкагында боз үй, шырдак, сайма, термелердин көргөзмөлөрү болуп, атайын конкурстар уюштурулуп мыктылар аныкталды.  Мамлекеттин өнүгүүсүнө зор салым кошуп келе жатышкан кыргыздын чыгаан жана кыраан кыздарына атайын «Ак Мөөр» статуэткалары жана дипломдор тапшырылып, ошол айымдарга арналган «Ак Мөөр» түстүү журналынын бет ачаар аземи дагы болуп өттү. Сулуулугу гана эмес билими, акылы жана таланты боюнча сулуулар сынагы уюштурулуп, кыргыздын «Ак Мөөрү» аныкталды. Кеченин  соңунда Гала концерт жана атайын лотерея ойнотулуп, автоунаа, İphone 13, Дубайга жолдомо, кир жуугуч машинанын жеңүүчүлөрү белгилүү болду.

Бул долбоордун автору жана уюштуруучусу «Кыргыз Биримдиги» коомдук бирикменин негиздөөчүсү жана жетекчиси, «Дана Pro» продюссердик борборунун негиздөөчүсү, жана көптөгөн этно долбоорлордун автору – Дана Абдыбекова.

Related posts

Ысык-Көл облусунун айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын тизмеси жарыяланды

admin

Олимпиадада Кыргызстандын намысын 16 спортчу коргойт

admin

Бишкекте №216 каттамдагы автобус мамыны сүздү

admin

Комментарий