Ысык-Көлдө «Ак-Мөөр fest – 2024» фестивалы өтөт

Ысык-Көл облусунда «Ак-Мөөр fest – 2024» этно долбоору өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чара 27-июлда Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо саат 19:00дө башталат.

Фестивалдын алкагында «Кылымдын кыйын кыздары» сыйлоо аземи, «Ак-Мөөр сулуусу — 2024″ сынагы, улуттук колориттеги кийимдерди тиккен этно-дизайнерлердин таймашы уюштурулат», — деп жазылган маалыматта.

Ошондой эле фестиваль чоң программадагы гала-концерт менен коштолору кошумчаланган. Аталган этно долбоордун уюштуруучусу коомдук ишмер, белгилүү продюссер Дана Абдыбекова.

Related posts

Кыргызстандын жарандыгына 2370 адам кабыл алынды

admin

Бишкекте мектеп автобустары жүрө баштады 

admin

Баткен облусунун башчысы дагы бир кызматка шайланды

admin

Комментарий