Ысык-Көлдө сарайда өрт чыгып, 5 торпок тирүүлөй күйүп кетти

7-декабрга караган түнү саат 1:03тө Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кутургу айылында сарай өрттөнгөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ал жерге Түп райондук ӨКБдан саат 1:05те жана 1:46да 2 күжүрмөн эсеп жөнөтүлгөн. Тилсиз жоо саат 3:11де чектөөгө алынып, саат эртең мененки 9:29да толугу менен өчүрүлгөн. Жалпысынан тилсиз жоо 1300 чарчы метр аянтты камтып, чөп жыйноочу жайдан бардыгы 2 миң түк чөп жана 500 саман, ошондой эле 5 торпок күйгөн. Ал эми калган 10 бодосу, 30 коюу аман калган. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Related posts

УКМКнын төрагасынын жакын туугандарынын аты жөнүн пайдаланып өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык кылган дагы бир кылмыш ишине бөгөт коюулду

admin

Мектеп окуучулары күзгү каникулга тарашат

admin

КР УКМК: Жалал-Абад облусунда өзүн түштүк аймагы боюнча «смотрящий» деп жарыялаган жаран кармалды

admin

Комментарий