Ысык-Көл облусунда жер тилкелери мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди

abal.kg ads


 Башкы бет/Коом

Коом

УКМК: Ысык-Көл облусунда жер тилкелери мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди — ВИДЕО

2 минуты назад

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМК тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган өнөр жай объекттерин жана жер тилкелерин аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштердин алкагында төмөнкү объекттер кайтарылды:

— Өндүрүштүк жайы (цех) жана 3900 чарчы метр жер тилкеси бар түп жыгач иштетүүчү ишканасы (Түп механикалаштырылган токой чарбасынын балансына өткөрүлүп берилди);

— Түп «Райсельремкомхоз» административдик-мүлктүк комплекси менен 2,63 га жер тилкеси (Түп айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилди);

— Түп районунун Кичи-Өрүктү айылынан 942,0 чарчы метр жер тилкеси (Балбай айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилди);

— Түп районунун Миң-Булак айылындагы жалпы аянты 486,15 чарчы метр дан кампасы (Карасаев айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилди).

Related posts

«Эжемдин денесине 6-7 жолу бычак сайылып өлтүрүлгөн» деген жаран бийликке кайрылды

admin

Акын Болот Назаров «Манас» театрына жумушка кирди

admin

Түркияда массалык жол кырсык болуп 10 адам каза болду. Буга туман себеп болушу мүмкүн

admin

Комментарий