Ысык-Көлдө аял 13 жаштагы уулу уурдалганын билдирген. Өспүрүм Чүйдө табылды 

20-июлда Ысык-Көл РИИБге Чүй облусунун тургуну кайрылып, 13 жаштагы жаш өспүрүм баласы белгисиз адамдар тарабынан уурдалгандыгын  билдирилген. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, окуя Бостери айылындагы эс алуу борборлорунун биринин жээгинде таң эрте саат 08:30 чамасында болгон. Билдирүү райондук милициянын маалымат электрондук журналына катталып, кечиктирилгис ыкчам-издөө иш-чаралары башталган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, ошол эле күнү түнкү саат 21:00 чамасында Чүй облусунун аймагында өспүрүм аман-эсен табылып, энесине тапшырылган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-Жаза Кодексинин 165-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары уланууда. Тергɵɵнүн жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымдалат.

Related posts

Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп Бакытбек Мажитов дайындалды

admin

Америкалык жаран жашоосунда 34 миңден ашык бургер жеп, дүйнөлүк рекордду жаңылады

admin

Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаайт — 29-январга карата аба ырайы

admin

Комментарий