Ысык-Көлдө чөгүп жаткан 14 жаштагы өспүрүм куткарылды (видео)

Ысык-Көлдө сууга чөгүп бараткан өспүрүмдү милиция кызматкери куткарып калды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

21-июнда Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын кызматкери, милициянын улук лейтенанты Ринат Токоев шаардык пляждын кезектеги жайкы туристтик мезгилге карата ачылышында көлгө чөгүп жаткан 14 жаштагы өспүрүмдүн өмүрүн сактап калуу менен жогорку кесипкөйлүктү жана кайраттуулукту көрсөттү.

Окуя Пристань-Пржевальск шаарчанын аймагында жайгашкан Каракол шаардык пляжына жакын жерде орун алган. Саат 13:00 чамасында көлгө түшүп жаткан өспүрүм чөгө баштаган. Кызмат өтөп жаткан милициянын улук лейтенанты Ринат Токоев дароо өспүрүмдү куткарууга киришкен. Өспүрүм туугандарына өткөрүп берилген. Учурда анын абалы туруктуу деп бааланууда жана өмүрүнө коркунуч жок.

Улук лейтенант Ринат Токоев ички иштер органдарында 12 жылдан ашык иштеп, 2019-жылдан бери туристтик-экологиялык милицияда кызмат өтөп келет. Анын көрсөткөн эрктүүлүгү, туристтик аймактарда үзгүлтүксүз кезмет иштерин жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн жана милиция кызматкерлеринин ар кандай өзгөчө кырдаалдарга ыкчам жооп кайтарууга даярдыгын дагы бир жолу баса белгилейт.

Related posts

УКМК: Жалал-Абад облустук сотунун судьялары пара алып жаткан жеринен ортомчулук кылган Жалал-Абад облустук аймактык адвокатурасынын төрагасы кармалды

admin

Ташиев: «2023-жылы уюшкан кылмыштуу топтордун белин сындырдык. 2024-жылы аларды тыптыйпыл жок кылабыз»

admin

Жалал-Абадда мейманкананын алдында болгон мушташ боюнча 4 жигит кармалды

admin

Комментарий