Ысык-Көлдө Чехиянын 23 жараны кар көчкү алдында калып, төртөө каза болду. Окуянын чоо-жайы

Ысык-Көлдө тоого лыжа тебүүгө чыккан 23 туристти кар көчкү басып, 4 киши каза болду. Бул тууралуу  Ысык-Көл ОИИБден тастыкташты.

Маалыматка караганда, кырсык 25-февраль күнү болгон. Ак-Суу РИИБге Шахты-Жыргалаң айылында 4 жаран кар көчкү алдында калып каза болгону тууралуу маалымат түшкөн. Аталган билдирүү РИИБге катталып, текшерүү иштери башталган. 23-февралда Чехиянын 23 жараны тоодо лыжа тебүү үчүн Ак-Суудагы мейманкага барып жайгашышкан. 25-февралда саат 09:00дө тоого чыгышкан. Тоодон түшүп келе жатышканда кар көчкү жүрүп, баарын кар басып калган. 19 адам бирин-бири чыгарып, 4 адам каза болгону аныкталган.

Каза болгондор Чехия мамлекетинин жарандары:

  • 1978-жылы туулган К.П.
  • 1994-жылы туулган С.М.
  • 1982-жылы туулган Ж.Т.
  • 1995-жылы туулган О.В.

Алардын жансыз денелери Ысык-Көл облустук өлүкканасына жөнөтүлгөн.

Related posts

Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында сөз сүйлөдү

admin

«Унааны суу агызып кеткен». Оштогу сел бир адамдын өмүрүн алды

admin

Депутат Нилуфар Алимжанова уулдуу болду

admin

Комментарий