Ысык-Көлдө кыш чыгаруучу заводдун курулушу каржыланды

БИШКЕК, 19-ноябрь. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Тилекмат айылында кыш чыгаруучу заводдун курулушун каржылаганын билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоордун жалпы суммасы 6,5 миллион долларды түзөт. Завод бир суткада 200 миң кыш өндүрүүгө жөндөмдүү.

РКӨФ башкаруучулугунун төрагасы Артем Новиковдун билдирүүсүнө караганда, заводдо 90 жумуш оруну түзүлөт, ал эми өлкө бюджетине жылына 15 миллион сомго чейин каражат түшүп турмакчы.

Related posts

«Соттор бизге отчёт беришпейт». Ички иштер министри кармалган 11 журналист боюнча үн катты

admin

Ура! Айсулуу Тыныбекова алтынчы жолу Азия чемпиону болду

admin

Эртең тоолуу аймактарда жамгыр жаайт

admin

Комментарий