Ысык-Көл облусундагы баасы 1 млрд. сомдон ашкан «Симирам» эс алуу борбору мамлекеттин балансына кайтарылды.

КР УКМК кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо(адалдоо), ошондой эле К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин каржылоо фактысы боюнча катталган кылмыш ишинин материалдары боюнча тергөө-оперативдүү иш-чараларды жүргүзүүнүн алкагында Ысык-Көл облусунун Корумду айылынын аймагында жайгашкан, жалпы аянты 4679 чарчы метр имараттардан жана курулмалардан турган, болжолдуу наркы 1 млрд. 84 млн. 657 миң сомду түзгөн «Симирам» эс алуу борбору кайтарымсыз негизде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүлүп берилди.
Учурда КР УКМК тарабынан кылмыштуу жол менен табылган мүлктөрдү, анын ичинде уюшкан кылмыштуулуктун өкүлдөрүн аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Related posts

УКМК: Жалал-Абад облусунда айылдык кеңештин депутаттары кармалды 

admin

Нөшөрлөп жаан жаап, сел жүрөт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

admin

Чүйдөгү «Теплые ключи” санаторийинде 30дай кишиге кол көтөргөндөр кармалды

admin

Комментарий