Ысык-Көлдүн пляждарындагы тосмолор алып салынат

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 13-майындагы № 150 “Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Жарлыкка кол койду.

Киргизилген өзгөртүүлөрдө Ысык-Көлдүн пляж аймактарына жарандардын эркин кирүүсүнө тоскоол болгон пляж аймактарында жайгашкан тосмолорду (дубалдарды, торчолорду, темир торлорду) демонтаждоо каралган, ошондой эле аларды мындан ары курууга тыюу салынат.

Ысык-Көлдүн курорттук-рекреациялык аймагында жайгашкан калктуу конуштардын тургундарынын экономикалык жана социалдык кызыкчылыктарын коргоо, алардын пляж аймактарына эркин кирүүсүн камсыз кылуу жана мүмкүн болуучу терс кесепеттерди болтурбоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелери жетекчиликке алынып, токтом кылынат:

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын

13-майындагы № 150 “Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 2-пункттун үчүнчү абзацындагы “ачылуучу калиткалары жок жана” деген сөздөр алып салынсын.

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл болгон уюштуруучулук, финансылык жана башка чараларды көрсүн.
  2. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Related posts

Акжол Махмудов дүйнөнүн үч жолку чемпиону Роман Власов менен күрөшөт 

admin

«Кыргызиндустрия» ААК ишембилик өткөрүштү

admin

Кыргызстан БУУ Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин сунуштады

admin

Комментарий