Ысык-Көлдө аял 13 жаштагы уулу уурдалганын билдирген. Өспүрүм Чүйдө табылды 

20-июлда Ысык-Көл РИИБге Чүй облусунун тургуну кайрылып, 13 жаштагы жаш өспүрүм баласы белгисиз адамдар тарабынан уурдалгандыгын  билдирилген. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, окуя Бостери айылындагы эс алуу борборлорунун биринин жээгинде таң эрте саат 08:30 чамасында болгон. Билдирүү райондук милициянын маалымат электрондук журналына катталып, кечиктирилгис ыкчам-издөө иш-чаралары башталган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, ошол эле күнү түнкү саат 21:00 чамасында Чүй облусунун аймагында өспүрүм аман-эсен табылып, энесине тапшырылган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-Жаза Кодексинин 165-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары уланууда. Тергɵɵнүн жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымдалат.

Related posts

Садыр Жапаров иш сапары менен Брюсселге барды

admin

Бишкектеги көмүр сатуу түйүндөрүнүн даректери жана баасы

admin

УКМК: Салык кызматы менен Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери кармалды

admin

Комментарий